Жаңылыктар
Президент ТМУнун кезектеги Саммитине катышуу үчүн "Акорда" Президенттик сарайына келди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент ТМУнун кезектеги Саммитине катышуу үчүн "Акорда" Президенттик сарайына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги онунчу жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) "Акорда" Президенттик сарайына келди.

Президенттик сарайда иш-чарага келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөнүн лидерлери жыйындар залына өтүштү.

Уюмдун Мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунун темасы «TURKTIME» (Traditions – каада-салттар, Unification – биригүү, Reforms – реформалар, Knowledge – илим, Trust – ишеним, Investments – инвестициялар жана Mutual Energy – өз ара энергия) болуп саналат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө - Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышууда.

Венгриянын Премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы саммиттин ишине ТМУга байкоочу макамы бар өлкөлөр катары катышууда.