Жаңылыктар
Түрк дүйнөсүнүн ынтымагын арттырган саммит
Кыргызстан жаңылыктары
Түрк дүйнөсүнүн ынтымагын арттырган саммит

 “Түрк мамлекеттер уюму жыл сайын бекемделип, биргелешкен аракеттер менен маанилүү аймактык бирикме болот”. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Астанада “Түрктайм” темасынын алкагында өткөн саммитте билдирди. Анда мамлекет башчысы “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» жана беш жылдык «Түрк мамлекеттер уюмунун стратегиясы» сыяктуу стратегиялык документтердин негизинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө тийиш экенин белгиледи.