Жаңылыктар
УТРКнын Оштогу студиясы жаңыланат
Кыргызстан жаңылыктары
УТРКнын Оштогу студиясы жаңыланат

Улуттук биринчи каналдын Ош облусундагы УТРК-Ош кеңсесинин студиясы жаңыланат. Студиянын ишке кириши менен УТРК-Ош маалыматтык берүүлөрүн жана ток-шоу программаларын жаңыча чыгара баштайт. 

Ал эми ОшМУнун студенттери чыгармачылык жана өндүрүштүк практикага кабыл алына баштайт. Мындай кызматташуу боюнча УТРКнын башкы директору менен окуу жайдын ректорунун ортосунда келишимге кол коюлду. Окуу жай студиянын ремонтун жана жасалгасын колго алат. Ал эми корпорация студияга зарыл болгон техника менен камсыздайт. Окуу жайдын жетекчиси аталган студия, университетин журналистика бөлүмүнүн студенттери үчүн тажрыйба топтоого жана телекөрсөтүү багытында адис катары калыптанышына чоң мүмкүнчүлүк берээрин билдирди. 

Корпорациянын башкы директору УТРК башкы кеңсесин жаңылоо менен бирге кезек кезеги менен аймактардагы бөлүмдөрдүн да техникалык базасын чыңдоону, жаңылоону күчтөнтөөрүн билдирди. Маалымат үчүн айта кетсек, УТРК буга чейин Нарын облусундагы УТРК- Нарын студиясын жаңылаган.