Жаңылыктар
Касмамбетов: Ата-бабалардын эмгеги унутта калбашы керек
Кыргызстан жаңылыктары
Касмамбетов: Ата-бабалардын эмгеги унутта калбашы керек

Келээрки жылы Кара-кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы масштабдуу деңгээлде өткөрүлөт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Төрөкул Айтматовдун 120, ал эми Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган илимий конференцияда айтты. Илимпоздор, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттер катышкан жыйында мамлекеттүүлүктү түптөгөн инсандар эскерилип, алардын эмгектерин түбөлүккө даңазалоо зарыл экени белгиленди.