Жаңылыктар
Улуттук өнүгүү форуму - 2023
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук өнүгүү форуму - 2023

Ар кандай статистикалык маалыматтар Кыргызстанда жакырлардын саны жыл сайын 7-8% өсүп баратканын көрсөтүүдө. Ошол эле учурда мамлекет жана эл аралык уюмдар жакырчылыктан чыгаруучу ар кандай долбоорлор жана программаларды ишке ашырып келет. "Жакырчылык жана теңсиздик"деп аталган улуттук форум да калктын жашоосун жакшыртууга багытталган.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрү күрөшүп келе жаткан жакырчылыкты кыскартуу боюнча аракеттердин натыйжалары жана багыты. Дал ушул максатта уюштурулган форум коңшу мамлекеттерден келген өкүлдөрдүн жана эл аралык уюмдар менен кошо жергиликтүү мамлекеттик мекмелердин башын бир аянтка бириктирди. Улуттук деңгээлдеги иш чара мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун видео кайрылуусу менен башталды. Президент өзүнүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты катары калктын жашоосун жакшыртууну атады.