Жаңылыктар
Базар-Коргондо жаңгак фестивалы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Базар-Коргондо жаңгак фестивалы өттү

Базар-Коргон районунда "Жангак" фестивалы жана түшүм майрамы өттү. Райондун тоолуу аймагында жайгашкан айылдарда жаңгак токойлору мол болот. Иш-чарада райондун аймагында өстүрүлгөн мөмө-жемиш, өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү жайылды.

Мындай фестивалды жыл сайын бул райондо өткөрүүнү адатка айлантып алышкан. Тоолуу райондо жашоочулардын басымдуу бөлүгү жаңгак терип күнүмдүк тиричилигине киреше табышат. Мындан улам анын сортторун көбөйтүү дагы планда бар. Быйыл райондун аймагында жаңгак мол түшүм берген. Тилекке каршы аны сатууда баанын төмөндүгү түйшүк жаратууда.