Жаңылыктар
Бишкек жылуулук тармактарына 60 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек жылуулук тармактарына 60 жыл

"Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынын түзүлгөндүгүнө 60 жыл болду. Бул аралыкта ал көптөгөн кыйынчылыктарды басып өттү, эскилиги жеткен жабдыктар менен иштеди, бирок калкка кызмат көрсөтүүнү үзгүлтүккө учураткан жок. Азыркы тапта жабдыктары жаңырып, жыл сайын жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, жеткиликтүү тейлөө шарттары жакшырууда.

Борборду кышкысын жылуулук менен, туруктуу ысык суу менен камсыздап келген кызматкерлер бүгүн кесиптик майрамына карата бир катар сыйлыктарга ээ болду. Арасында 10-20 жылдап үзүрлүү эмгек өтөгөндөр бар. Тармактын иши түйшүктүү, шаардыктарды жылуу суу менен камсыздоо үчүн түнү-күнү нөөмөт менен иш алып барат.