Жаңылыктар
Тайманбас эрдиги менен үлгү болгон милиционер
Кыргызстан жаңылыктары
Тайманбас эрдиги менен үлгү болгон милиционер

Ош-Бишкек унаа жолунун 96-чакырымында күйүп жаткан күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусун куткарам деп өзү оор жаракат алган милиционер ооруканада каза болду. Маркум Дилмурат Шамшиев туулуп өскөн кичи мекени Кызыл-Кыя шаарында акыркы сапарга узатылды. Эске салсак, 27-октябрда Төө-Ашууда кулап, күйүп жаткан унаага ошол маалда иш сапары менен бара жаткан эки милиция кызматкери жардамга чуркаган. Учурда унаанын айдоочусу жана экинчи милиция кызматкери оор абалда ооруканада жатышат. Каза болгон милициянын майору адам өмүрүн куткарууда тайманбас эрдиги менен элдин эсинде калат.