Бишкектеги Октябрь райондук соту үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шек саналган Чынтемир Аширалиевди мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 671 миң сом төлөп берүүгө, моралдык чыгым катары андан үч миллион сом өндүрүүгө милдеттендирди.
Эскерте кетсек, быйыл февралда 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы менен жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Ал парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Аширалиев ага чейин Улуттук коопсуздук комитетине караштуу мамлекеттик күзөт системасында 15 жыл иштеп, майор чинин алган.