Жаңылыктар
Жогорку технологиядагы жаңы медициналык жабдуулар
Ден соолук
Жогорку технологиядагы жаңы медициналык жабдуулар

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров борбор калаадагы бир катар медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты

Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна барып, жакында сатылып алынган жогорку технологиядагы медициналык жабдууларды карап чыкты. Эскерте кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, урологиялык борбордун муктаждыктары үчүн 24 даана медициналык жабдууну сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен 80 миллион сом бөлүнгөн. Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо мамлекеттик саясаттын негизги социалдык багыттарынын бири болуп саналарын жана медициналык мекемелерди заманбап жабдуулар менен жабдуу, калкты сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу Саламаттык сактоо министрлигинин негизги максаты экенин баса белгиледи. Андан ары Акылбек Жапаров Улуттук госпиталдын магниттик-резонанстык томография аппаратынын иши менен таанышты. Жаңы медициналык жабдуулар алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык изилдөөгө, анын ичинде COVID-19нын ар кандай кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берет. Бул аппарат аркылуу патлогияга жараша күнүнө 10-25 адамды текшерилет.