Жакын арада Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун жаңы жатаканасы пайдаланууга берилет.
Бул тууралуу окуу жайдын 83 жылдыгына арналган салтанатта айтылды. Коргоо министри жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин катышуусундагы иш-чара Калыйнур Үсөнбековдун эстелегине гүлчамбар коюу менен башталды. Ошондой эле кызматкерлер менен курсанттарга сыйлыктар берилди.