Жаңылыктар
Балдарды коргоо жана жашы жете электердин укук бузуулардын алдын алуу
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарды коргоо жана жашы жете электердин укук бузуулардын алдын алуу

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева КМШ Балдар акыйкатчыларынын комиссиясынын экинчи жыйынына катышты

Отурумдун жүрүшүндө 11 маселе, алардын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн балдарынын бакубаттуулук индексин иштеп чыгуу, кабыл алуучу мамлекеттин социумуна эмгек мигранттарын интеграциялоону жөнөкөйлөтүүчү чаралар, калыбына келтирүүчү медиация инструменттерин колдонуу аркылуу жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу жана өсүп келе жаткан муундун укуктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка маанилүү маселелер каралды. Ошону менен бирге Минскте КМШ штаб-квартирасында Асель Чынбаеванын КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуусу жана Россия Федерациясынын Президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу Мария Львова-Белова менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү, сүйлөшүүлөрдүн негизги контексти балдарды коргоо бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттин жана жалпы коомдун турмушундагы эң маанилүү маселелердин бири болуп саналаарына багытталган.