Жаңылыктар
Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды. 

№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Жал кичи районундагы №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалынын базасында уюштурулган эки мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. 

Алгач 46 мамлекеттик дарыкананы ачуу пландалууда. Дарыканаларда дары-дармектердин түрүн кийинчерээк сегиз жүз фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүүгө аракеттер көрүлүп жатканы айтылды. Калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.