Жаңылыктар
Садыр Жапаров Непалдын президентине көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Непалдын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Непалдын Президенти Рам Чандра Пауделге зилзаланын кесепетинен көптөгөн адам өмүрлөрү кыйылганына байланыштуу көңүл айтты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров зилзаланын кесепетинен көптөгөн адам өмүрлөрү кыйылганына байланыштуу Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасынын Президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“4-ноябрга караган түнү Непалда болуп өткөн зилзаланын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылгандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Непал элине, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ошону менен бирге, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм. Биз мындай оор мезгилдеги орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп айтылат телеграммада.