Жаңылыктар
Ош шаарына дагы 4 таза суу кампасы курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарына дагы 4 таза суу кампасы курулат

Ош шаарында жалпы көлөмү 24 000 куб метрди түзгөн 4 таза суу кампасы курулат. Муниципалитеттин көчмө жыйында жаңы долбоор талкууланды. Ошондой эле жеринде тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Буга чейин өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата Ош шаарында жалпы көлөмү 24 000 куб метр болгон 4 суу кампадан турган комплекс курулуп, пайдаланууга берилген. Аталган иш-аракеттер Ош шаарынын тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.