Жаңылыктар
Кыргызстанда 68 миң 80 кассалык аппарат колдонулат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 68 миң 80 кассалык аппарат колдонулат

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 68 миң 80 кассалык аппарат колдонулуп жатат. Мындай маалыматты Салык кызматы билдирди. ККМдин реестри түзүлдү. Ага контролдук-кассалык машинанын 32 модели кирди. 

Салык кызматы 24 техникалык тейлөө борбору менен өз ара аракеттенүү боюнча келишимдерди түзгөн. Контролдук-кассалык машиналарды сатып алууда жеткиликтүү шарттарды камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары техникалык тейлөө борборлору менен кассалык аппараттардын баасын төмөндөтүү жана бөлүп төлөө шартында берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.