Жаңылыктар
Баткенде күйүк алган экинчи милиция кызматкери каза болду
Кырсык
Баткенде күйүк алган экинчи милиция кызматкери каза болду

Күйүк алган экинчи милиция кызматкери Орозмамат Акуналиев каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Кызыл-Кыя шаардык милициянын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев 30 жашта болчу. Маркум 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. Ал Бишкек-Ош унаа жолунда күйүп жаткан оор жүк ташуучу унаадагы адамдарга жардам берип жаткан учурда жалынга кабылган. Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы Академиясын бүтүргөн. Өзгөн менен Ноокат райондук, Ош облустук милицияда кызмат өтөп, 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгында тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп иштеп келген. Артында 2 уул, 1 кызы калды.