Жаңылыктар
Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында административдик-аймактык реформа маселелери талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында административдик-аймактык реформа маселелери талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында административдик-аймактык реформа маселелери талкууланды. Жыйында президенттин облустардагы өкүлдөрү айыл-кыштактарды бириктирүү долбоорлору менен тааныштырды. 

Реформага байланыштуу тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жер-жерлерде жумушчу комиссиялар түзүлгөн. Аймактык реформаны пилоттук режимде 2024-жылы 1-апрелге чейин ишке ашыруу тууралуу президенттин жарлыгын чыгаруу каралып жатат. Реформа буга чейин Нарын менен Ысык-Көлдүн Түп районунда башталган. Нарында 63 айыл өкмөттүн саны 27ге кыскарса, Түптө 13 айыл өкмөтү бешке чейин азайды. Президент Садыр Жапаров “Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына” былтыр октябрда кол коюп, Министрлер кабинетинин бул багыттагы жүргүзө турган иш планы бекиген.