Жаңылыктар
Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды

Антальянын Муратпаша муниципалитетинин аймагында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта китепкана ачылды. Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет. 

Анда дүйнөлүк адабиятка эбегейсиз салым кошкон Чыңгыз Айтматовдун улуулугун баса белгиленди. Мындан тышкары, китепкананын ачылышы түрк элинин жазуучуга болгон терең урмат-сыйынын бир көрүнүшү экендиги айтылды. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев китепкана маанилүү маданий борборго айланып, өз өлкөсүнө, элине берилген муунду тарбиялоого көмөктөшөт деген ишенимин билдирди. Иш-чаранын алкагында жазуучунун реставрацияланган бюсту орнотулду. Сейил бакта боз үй тигилип, кыргыздын улуттук даамдары жана суусундуктары, ошондой эле улуттук кийизден жасалган буюмдар жана сувенирлер көрсөтүлдү.