Жаңылыктар
ӨКМ тойкана ээлерин өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ тойкана ээлерин өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү тойканалардын кожоюндарына өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Көп учурда фейерверктер, электр зымдары, тез күйө турган материалдардан жасалган буюм-тайымдар өрт кырсыгына себеп болууда. 

"Ресторан, кафелердин жана ашканалардын администрациясы залдын ашыкча толуп кетишине жол бербеши керек. Газ баллондор менен иштеген жылыткычтарды, күйүүчү май иштеген жабдууларды колдонууга таптакыр тыюу салынат. Алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен камсыздалып, кызматкерлер эвакуациялык жолдорду, кырсык учурундагы алгачкы коопсуздук эрежелерин так билүүсү кажет",-деп жазылган маалыматта. Өлкөдө былтыр өрттөн 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3 миңден ашык өрт катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашат. 31 адам куткарылып, 52 млрд сомдук мүлк сакталып калды. Кыргызстанда кафе, ресторандардын саны 15 миңден ашат.