Жаңылыктар
Кызамык менен ооругандар үчүн кошумча бөлүм ачылат
Ден соолук
Кызамык менен ооругандар үчүн кошумча бөлүм ачылат

Бишкектеги республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында кызамык менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча бөлүм ачылат

Бул тууралуу башкы дарыгер Гүлжигит Аалиев билдирди. Айтымында, кызамык менен ооруган 78 бейтап дарыланууда. Мындан тышкары, 17 адамда бул илдеттин белгилери бар. Андыктан аларды да өзүнчө палатага жаткырышкан. Кошумча бөлүм кызамык менен ооругандардын саны азайганга чейин иштейт. Дарылануудагы бейтаптардын 85 пайызы эмдөө албагандар. Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңден ашык адам кызамыкка чалдыккан. Алардын басымдуу бөлүгү 4 жашка чейинки балдар.