Жаңылыктар
Көчөдө автожарыш уюштургандарга карата кылмыш иши козголду
Кылмыш
Көчөдө автожарыш уюштургандарга карата кылмыш иши козголду

“Манас” аэропортуна узаган стратегиялык жолдо жарыш уюштуруп, жолду тоскондорго кылмыш иши козголду

Сокулук райондук милиция 5-ноябрда автосүйүүчүлөр патрулдук милицияга баш ийбей, алардын унаасына карата таш ыргытканын билдирүүдө. Факты каттоого алынып, “Бейбаштык” беренеси менен иш козголгон. Анын алкагында жарышка катышкандар суракка алынып жатат. Жекшемби күнү тартип сакчылары менен автосүйүүчүлөрдүн ортосунда жаңжал чыкканы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды. Колдонуучулар жарыш уюштургандарга карата катуу чара көрүү керектигин жазышууда.