Жаңылыктар
Өлкө аймагында бир жумада 264 мас абалда унаа башкаргандар кармалды
Кылмыш
Өлкө аймагында бир жумада 264 мас абалда унаа башкаргандар кармалды

Кыргызстандын аймагында соңку бир жумада 18 миң 711 жол эрежесин бузуу фактысы катталган

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулардын эң көбү - белгиленген ылдамдыктар ашыра айдагандар менен транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар. Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар менен мас абалда рулга отургандар да мыйзам бузгандардын көбүн түзөт. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 541 автоунаа айып короосуна киргизилген. ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.