Жаңылыктар
Жол көйгөйүн чечүүгө өбөлгө түзгөн элдик жыйын
Кыргызстан жаңылыктары
Жол көйгөйүн чечүүгө өбөлгө түзгөн элдик жыйын

Көп жылдан бери оңдолуп бүтпөй жаткан Жумгал районунун жолунун курулушун тездетүү боюнча маселе Элдик курултайда көтөрүлгөндөн кийин иш ыкчамдаган

Былтыр районду аралап өткөн түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 15 чакырымы оңдолсо, быйыл 35 чакырымына асфальт басылды. Ошондой эле, титулдук планга киргизилген ички жолдордун 3 чакырымы асфальтталды. Келерки жылы Жумгалдагы эл аралык жана республикалык маанидеги жолдору толук оңдолот.