Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Германияга жумуш сапары менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Германияга жумуш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германияга жумуш сапары менен барат. 

Ал 8-ноябрда Гамбург шаарында Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отуруму жана “Кыргызстандын экономика күнү” бизнес-форумуна катышат. Жумушчу сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар да болот. 

Бул иш-чараларга Кыргызстандын жана Германиянын бизнес-коомчулугунун 200гө жакын өкүлдөрү катышат. Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин экинчи отурумунда квалификациялуу адистерди даярдоо, IT тармагындагы кызматташуу сыяктуу темаларда панелдик талкуулар өтөт. Бизнес-форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда энергиянын кайра жаралуучу булактары, өнөр жай, логистика, соода сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланат. 

Мындан тышкары, германиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктуу бизнес долбоорлору сунушталат. Ошондой эле кыргызстандык товарлардын көргөзмөсү тартууланат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча келишимдерге кол коюлат.