Жаңылыктар
Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү
Маданият
Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү

Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө

Бул күнгө карата Улуттук статистика комитети атайын статистикалык маалыматтарды чогултту. Маалыматта айтылгандай, 2023-жылы кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына - 99 жыл толду. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, полиграфия өнөр жайынын, радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 1924-жылдын ноябрь айында «Эркин-Тоо» улуттук гезитинин кыргыз тилинде биринчи санынын чыгуусунун урматына белгиленген.1927-жылы гезит «Кызыл Кыргызстан» деп аталып, 1965-жылы «Советтик Кыргызстан» деп аталып калган. 1991-жылы эгемендик алгандан кийин гезитттин аталышы «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн. Республиканын дагы бир эски басылмасы – 1925-жылы негизделген жана орус тилинде чыккан «Слово Кыргызстана» гезити. Анын биринчи саны «Батрацкая Правда» деген ат менен жарык көргөн, андан кийин «Крестьянский путь » деп аталат, 1927-жылдан «Советтик Кыргызстан» деп өзгөрөт. Ал эми 1991-жылдын февраль айынан бери гезит «Слово Кыргызстана» деп аталып келет.

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,9 миң чарба жүргүзүүчү субъекттер болгон, акыркы беш жылдын ичинде алардын саны дээрлик 12 пайызга көбөйгөн. 158 көзкарандысыз телерадиокомпаниялар ишмердүүлүк жүргүзүшүп келишет. Жалпысынан түрдүү маалымат каражаттарында 3 миңден ашык журналисттер эмгектенип келишет.