Жаңылыктар
Садыр Жапаров Ташкентте ЭКУ мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Ташкентте ЭКУ мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-9-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат.

Өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде региондогу мамлекеттердин социалдык-маданий, илимий-техникалык өнүгүү боюнча мамилелердин ар кандай аспектилеринде өз ара пайдалуу аймактык экономикалык кызматташтыкты жана өз ара жардамдашууну түзүү аркылуу экономикалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этаптуу интеграциялоону талкуулашат. 

Саммиттин ишине Уюмга мүчө – Азербайжан Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстан Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын өкмөт башчылары катышат.

Саммиттин алкагында Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата "Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү - балдар жана жаштар иш-аракетте" темасында Эл аралык форум өтөт, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин жубайы Айгүл Жапарова катышат.