Белиз өлкөсүнөн Кыргызстандын УКМКсына жиберилген “Альфа Телеком” боюнча документтерди Кыргызстандын Башкы прокуратурасы текшерет.
Бул тапшырманы Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алганда тапшырды.
Буга чейин Абдил Сегизбаев Белизден келген документте - 2012-жылы өлкөдө чоң кызматта отурган адамдар Максим Бакиевден калган улутташтырыла элек “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын 50 миллион долларга сатууну көздөгөнү жазылганын айткан.
Эгер компания сатылса, азыр депутат болуп отурган үч адам кирешени болуп алмак. Өлкө башчы бул документти дыкат иликтөө керектигин тапшырып,жыйынтыгы коомчулукка жарыяланышы зарыл, -деди.