Жаңылыктар
Ата-бабаларды эскерүү күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Ата-бабаларды эскерүү күнү

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү үркүн жана репрессия курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюшту. Расмий эскерүүдөн кийин Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракыевдин катышуусунда маркумдарга багышталып куран окулду.