Жаңылыктар
Кыргызстанда карта менен төлөм жүргүзгөндөр көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда карта менен төлөм жүргүзгөндөр көбөйүүдө

Кыргызстандыктар банкоматтан акча чыгарбай карта менен көбүрөөк төлөй баштаганы байкалды. Экинчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, картаны колдонуу менен 53,6 миллион транзакция жүргүзүлүп, жалпы суммасы 203 миллиард сомду түзгөн. 

Алардын ичинен 24,9 миллион операцияда 163,1 миллиард сом накталай чыгарылган. 28,7 миллион операция соода-тейлөө ишканаларындагы POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлүп, 39,9 миллиард сомду түзгөн. Белгилей кетсек, биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, карта менен 42,5 миллион транзакция жүргүзүлгөн. Анын жарымынан бир аз көбү накталай чыгарылган. Анда дагы POS-терминалдардагы операцияларга караганда накталай акчанын суммасы жогору болгон.