Жаңылыктар
Бишкек - "Манас" аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - "Манас" аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды

Бишкек - "Манас" аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында автобейбаштык жасаган жана кызматкерди сүзүп кете жаздаган унаанын айдоочусу дагы бар. "Кармалган 12 айдоочунун ар бирине 15 миң сомдон айып салуу менен унаасы айып короо жайына киргизилди. Ал эми айдоочулар андан ары тийиштү чара көрүү үчүн тергөө кызматтарына жеткирилүүдө", - деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү аталган жолдо унаа жарыш уюштурулуп, "БМВ” үлгүсүндөгү унаа жарышка түшүп жаткан жеринен кармалып, айдоочусуна карата мыйзамга ылайык, протокол түзүлүп, ал эми унаа айып короо жайына киргизилген. Калган жол эрежесин бузууга аракет кылган унаалардын баары изделип жатканы айтылган.