Жаңылыктар
ЖКнын 3 депутатынын былыгы ачылдыбы?
Коррупция
ЖКнын 3 депутатынын былыгы ачылдыбы?

"Мегакомду" сатып пайда көрүүгө Жогорку Кеңештин үч депутатынын кызыкчылыгы болгон. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге маалымат берди. Аягы тыйылбаган чуулгандуу маселе боюнча ачылган жаңы жагдайларды териштирүүнү мамлекет башчы,  Башкы прокуратурага тапшырды. Эске салсак, буга чейин ЖКнын экс депутаты Өмүрбек Абдрахманов, “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин "Мегакомдун" тегерегиндеги маселеге байланышы бар экендигин билдирген эле.   

Айрым маалымат булактарында Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдун “Мегаком” боюнча Бакиев менен үлүшкө киргендиги тууралуу макала жарыяланган. Мындан улам аты аталган үч эл өкүлүнүн Мегакомдун айланасындагы жаңжал менен байланышы бар экендигин белгилүү болууда. Ошол эле учурда Максим Бакиевге тиешеси бар компанияда үлүштөрү  бар экендигин Кейт Коэн аттуу журналист иликтеп  чыккандыгын – “Вечерний Бишкек ”  басылмасы жарыялаган. Мындан кийин саясатчы Өмурбек Абдрахманов, “Мегакомду” сатууга көмөктөшүү үчүн “Ата Мекен” партиясынын башчылары орус ишканасынан акча алганын тастыктаган.


Ал арада Кыргызстанга Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтери алынды. Анда 2012-жылдын апрель айында "Альфа Телекомдун" ошол учурга карата акцияларынын 50 миллион доллардан ашык суммасын "Саутфилд" компаниясынын алышына,  ошол учурдагы  жогорку кызматтагы үч адамдын,  учурдагы Парламент депутаттары кызыкдар болгону   белгиленген. Бул маалыматтар менен президент Алмазбек Атамбаевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев  кабардар кылды.  

Бул багытта  аты  аталып  жаткан  депутаттарга  байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.  Бирок, айрым  маалымат булактарына   Алмамбет Шыкмаматов, УКМКнын билдирүүлөрүнөн соң, алар камакка алына тургандыгын билдирген.

"Альфа Телеком"  2009-жылы  түзүлүп, жалгыз ээси Алексей Елисеев болгондугу маалым. Ал эми "ата мекенчилердин" Бакиевдердин айланасындагылар менен байланыштары тууралуу байма-бай маалыматтар айтылып келет. Анын бир мисалы, ошол кезде Аида Салянова Юстиция министрлиги кызматында отурган. Расмий маалыматтар боюнча, 2002-жылы, Юстиция министрлигинин буйругу менен Елисеевдин адвокаттык ишмердүүлүгүнө лицензия  берилген. Ал эми 2010-жылдын февраль айында  Елисеев Максим Бакиевдин  орун басары болгон. Буга байланыштуу анын жактоочулук ишмердүүлүгү токтотулат. Бирок, кийин 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн Декрети менен бул мекеме жоюлгандан кийин, Елисеевдин лицензиясы кайрадан узартылат. Бул буйрукка ошол кездеги Юстиция министри Аида Салянова кол коет. Эң кызыгы Елисеевдин Кыргызстанда болбогондугу.  Юридика илимдеринин  доктору, профессор Бекбосун   Борубашов, муну менен Салянова  мыйзам бузууга  баргандыгын жашырбайт. Эксперттик коомчулук, депутаттардын бул иштерде  катышы  бар болсо сөзсүз түрдө жазасын алууга тийиштигин айтууда. 

Ал арада президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага оффшордук компаниянын Жогорку Кеңештин үч депутатынын пайдасындагы акциялары боюнча траст документтерин текшерүүнү тапшырды.

Трасттын документтерине ылайык,  эгерде Саутфилд компаниясы 2015-жылдын 1-январына чейин  “Альфа Телекомдун ” акцияларын сатканда, Кыргызстандын  учурдагы  үч   депутаты   Саутфилд компаниясындагы акцияларын алышмак.  Демек, бул алардын “Мегаком” соода маркасы менен белгилүү болгон  “Альфа Телекомдун” акцияларын сатуудан түшкөн үлүшүн  алганын  билгизет. Кийин Кыргызстандын сотторунун чечими менен 50 пайыз акция мамлекеттин пайдасына алынгандыгына байланыштуу  гана  аталган траст күчүнө кирбей калган.

Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, Башкы прокуратуранын  алдында трасттын документтерине байланышкан бардык жагдайды териштирип, жыйынтыктарын  коомчулукту маалымдоо милдети турат.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"