Жаңылыктар
Бишкекте КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт

16-17-ноябрда Бишкекте көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт. 

Ошондой эле КМШ Жаштар парламенттер аралык жана ассамблеянын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык, Социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссияларынын отурумдары уюштурулат. 17-ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик делегация башчыларынын катышуусунда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт. Ушул эле күнү көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын 56-пленардык жыйынын уюштуруу пландалган. Иш-чаранын алкагында кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү мерчемделүүдө.