Жаңылыктар
Өзгөндө 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндө 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Өзгөн районунун Алга айылында 150 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, объектти куруу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, 1 жыл ичинде бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды.

Бүгүнкү күнгө карата курулуш-монтаждоо иштери толук аткарылып бүттү. "Окуу корпусунун, спорт зал жана өтмөк галереясынын курулуш жумуштары бүткөрүлүп, эмерек жана техникалык жабдуулары толугу менен орнотулду", - деп айтылат маалыматта.