Жаңылыктар
Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди
Кыргызстан жаңылыктары
Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди

Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирип, өлкөдөгү ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди. 

Анда айтылгандай, Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда каттам ачык, Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан күзөт уюштурулган. Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда дагы кар жаап жатат, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок. №36 ЖТИ тарабынан күзөт бар. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында учурда кар жаап жатат, унаа жол ачык, №41 ЖТИ кызматкерлери жеринде иш алып барышууда. Ысык-Көл облусунун Чоң ашуусунда күн бүркөк, учурда ашуу ачык, каттам бар.