Жаңылыктар
Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бул Сосновкадан Төө-Ашууга чейинки аралыкта жасалма тыгындарды болтурбоо максатын көздөйт жана чектөө аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин сакталат. 

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек - Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. "Буга байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.