Жаңылыктар
Кыргыз - Герман бизнес форуму - кызматташтыкты жаңы тепкичке көтөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - Герман бизнес форуму - кызматташтыкты жаңы тепкичке көтөрөт

Гамбуруг - Германиядагы экономикасы өнүккөн эң бай шаар. Ушул шаарда өткөн кыргыз - герман бизнес форумуна министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келип катышканы - ишкерлерге ишеним берип, форумдун статусун көтөрдү. Мындай пикирин Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. 

Анын айтуусунда, форум жылына 2 жолу өтсө деп тилек кылып жатабыз, мындай иш-чаралардын көп өтүшү эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты арттырат" деди Өмүрбек Текебаев. Айта кетсек, кечээ 8-ноябрда Гамрбугда «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү» кыргыз-герман бизнес-форум өтүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.