Жаңылыктар
Ташкентте ЭКУ саммити өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ташкентте ЭКУ саммити өтүүдө

Өзбекстандын Ташкент шаарында Экономикалык Кызматташтык Уюмун мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммити өтүүдө. Ага Мамлекет башчысы Садыр Жапаров, ошондой эле Түркия, Азербайжан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстандын Президенттери жана Казакстан менен Пакистандын өкмөт башчылары катышууда. 

Алдын ала аталган саммитте региондогу мамлекеттердин социалдык-маданий, илимий-техникалык өнүгүү боюнча мамилелердин ар кандай аспектилеринде өз ара пайдалуу аймактык экономикалык кызматташтыкты жана өз ара жардамдашууну түзүү аркылуу экономикалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этаптуу интеграциялоону талкуулашары күн тартибине киргизилген. Белгилей кетүүчү нерсе, сапардын алкагында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушкан. Анда өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашып, эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ырааттуу ишке ашырылып, маданий-гуманитардык алмашуу активдешип жатканын, ошондой эле эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жемиштүү иштер уланып, мында өсүштүн оң динамикасы байкалганын канааттануу менен белгилешкен. Ошондой эле, эки өлкөнүн боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук өз ара аракеттенүүнү мындан ары ырааттуу өнүктүрүүнү макулдашышкан.