Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 8-9-ноябрда Өзбекстан Республикасына болгон иш сапары аяктады.Садыр Жапаров Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкөлөрдүн лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.Иш сапардын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө экономикалык кызыкчылыктардын жалпылыгына негизделген аймактык жана региондор аралык интеграция келечекти көрө билүүнүн негизги элементи болуп саналарын белгиледи. ЭКУ заманбап шарттарда интеграциянын эффективдүү куралы болуу үчүн эбегейсиз потенциалга ээ.Президент ошондой эле ЭКУ алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча көз карашын белгиледи.