Жаңылыктар
Баткен: көп кабаттуу үйлөр курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: көп кабаттуу үйлөр курулат

Баткен шаарында апрель айынан баштап ипотекалык насыяга берилүүчү көп кабатуу турак үйлөрдүн курулушу башталат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун төрайымы Нурсулуу Ахметова Баткендеги чакан жыйында билдирди.

Баткен шаарынын аймагында үйгө муктаж болгон мамлекеттик жумушта иштегендер, мугалимдер менен медицина кызматкерлери арбын. Айрыкча саламаттык сактоо тармагында адистерди кармап туруу кыйын. Мына ушундан улам алар аймакта жашоо шарттын жоктугунан тез эле жумушун таштап борборго карай качат. 

Ошондой эле жыйында турак- жай куруу долбоорунан тышкары жеке ишкерлерди колдоо жана айыл чарба багытындагы долбоорлорго насыя берүү жагы да айтылды.