Жаңылыктар
Борбордо жаштар уюмдарынын жарманкеси өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордо жаштар уюмдарынын жарманкеси өттү

Борбордо жаштар уюмдарынын жарманкеси өттү. Ага өлкөнүн жети дубанынан алтымышка жакын жаштардын уюмдары катышты. 

Алар билим берүү, маданият, спорт жана башка багыттагы долбоорлор боюнча иш алып барат. Уюштуруучулардын айтымында иш чаранын максаты жаштардын ортосунда баарлашуу аянтчасын түзүү. 

Өлкө боюнча 300гө жакын жаштар уюмдары расмий катталганы менен алардын 80ге жакыны гана туруктуу иш алып барат. Алардын бири борбордо жети жылдан бери иш жүргүзгөн өнүктүрүү борбору. 

Коомдук фонд учурда жаштар менен эки багытта иштейт. Бул лидерликке тарбиялоо жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн студенттерине каржылык жактан жардам көрсөтүү.