Жаңылыктар
Каракол: таштандыны кайра иштетүү
Аймак
Каракол: таштандыны кайра иштетүү

Каракол шаарында таштанды маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Чогултулган таштанды буга чейин шаардын четиндеги талаага төгүлүп келсе, эми аларды кайра иштетүү жагы колго алынды. Беларусь мамлекетинен алынган жабдыктар менен таштандыны иргөөчү жана кайра иштетүүчү жайлар курулуп, ишке берилген.