Жаңылыктар
Эдил Байсалов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар билим берүү мекемелеринде болду
Кыргызстан жаңылыктары
Эдил Байсалов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар билим берүү мекемелеринде болду

Минкаб Төрагасынын орун басары Ош облусунун Өзгөн районундагы 150 орундуу жаңы орто мектептин ачылышына катышты.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди жаңы билим берүү мекемесинин ачылышы менен чын дилимден куттуктайм. Жакшы окуп, сапаттуу билим алыңыздар, мектеп баланын жашоосунда абдан маанилүү орунда турат. Өлкө жетекчилиги республикада билим берүү тармагын жакшыртууга, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Билим берүү тармагын каржылоо 2023-жылы 60,9 млрд сомду түздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 млрд сомго көп”, - деди Эдил Байсалов.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

«Жаштарыбыздын заманбап жабдыктар, жаңы санариптик технологиялар менен жабдылган мекемелерде билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат», - деди Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, университеттин жаңы имаратынын курулушу 2021-жылдын декабрь айында башталып, имараттын жалпы сметалык баасы 120 млн сомдон ашуун саналат.

Сапардын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ош мамлекеттик университетинде өткөн Дивали индиялык фестивалына барды.

Эдил Байсалов ОшМУда билим алып жаткан индиялык студенттерди улуттук майрамы менен куттуктап, университетте түрдүү маданияттар, улуттар жана цивилизациялар ортосунда пикир алмашуу жана өз ара аракеттенүүнүн уникалдуу жагдайы түзүлгөндүгүн белгиледи.