Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда, Париж шаарына (Франция Республикасы) келди.

Мамлекет башчысынын борту «Шарль-де-Голль» эл аралык аэропортуна конду.

Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.

Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.