Жаңылыктар
Бишкекте азык-түлүк жарманкелери өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте азык-түлүк жарманкелери өтөт

11-ноябрь ишемби күндөн тарта жаңы жылга чейин, ар дайым дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба продукцияларынын азык-түлүк жарманкеси өтүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 Максаты - биринчиден дыйкан, фермерлерге, ата мекендик өндүрүшчүлөргө өндүргөн продукциясын сатканга мүмкүнчүлүк түзүп берүү, экинчиден шаар тургундары үчүн арзан баада азык-түлүк сатып алганга шарт түзүү болуп жатат. Өндүргөн продукциясын сатыш үчүн жарманкеге катышсам деген фермерлер Айыл чарба министрлигине кайрылса болот.