Жаңылыктар
Шайлоого катыша тургандарга КТРКнын эфиринен убакыт бөлүндү
Саясат
Шайлоого катыша тургандарга КТРКнын эфиринен убакыт бөлүндү

БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата партияларга чучу кулак жолу менен КТРКнын эфирине чыгууга убактыларын бөлүштүрдү. Ага ылайык партияларга жеке эфирге чыгуусуна да мүмкүнчүлүк берилип, партия лидерлери атаандаштары менен дебаттарга чыга алат. Ошол эле учурда талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бирдей убакыт берилет. 

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын билдирүүсүндө мыйзамга ылайык алар шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөргө  жана кепилдиктерге ээ. 

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого 2 миллион 319 миң шайлоочу катышат. 

Биринчи жолу шайлоо комиссиялары ар тараптуу каржылоо системасына ылайык каржыланат. Жарандар биометрикалык каттоосуна жана Ай-Ди карттагы катталган дарегине ылайык добуш бере алат.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"