Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинде өлкөнүн фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинде өлкөнүн фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Ата мекендик фармацевтикалык продукцияга импорттук КНСти киргизилет, чекене соода түйүндөрүндө ата мекендик дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу механизмдери иштелип чыгып, дары-дармектерди өндүрүү көлөмүн 3%дан 20%га чейин көбөйтүлөт. 

Мындай тапшырманы Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда фармацевтикалык өнөр жайын өнүктүрүүгө арналган жыйында Саламаттык сактоо министрлигине берди. Министрлик буга кошумча фармацевтика тармагын каржылоо жана жеңилдетилген режимде коргоо программасы сыяктуу чараларды киргизүү менен атамекендик фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча Жол картасын иштеп чыгышы керек. 

Бакыт Төрөбаев мамлекеттик колдоонун негизги максаты өлкөнүн фармацевтика тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик сапаттуу дары-дармектердин өндүрүшүн коргоо үчүн зарыл болгон өз мөөнөтүндөгү жана натыйжалуу чараларды көрүү экендигин белгиледи. Ал фармацевтикалык өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрүнө өлкөдө тармакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча демилгелүү сунуштарды Министрлер Кабинетине жана тиешелүү ведомстволорго да активдүү киргизүүгө чакырды. 

Өз кезегинде Ассоциация өкүлдөрү Министрлер Кабинетинен өндүрүлгөн продукцияны кепилденген сатуунун пландуу өндүрүш механизмдерин ишке ашырууда, ЕАЭБ GMP ишке ашыруу үчүн субсидияларды бөлүүдө колдоо көрсөтүүнү суранды, ошондой эле өндүрүлгөн дары-дармектердин айрым түрлөрүн импорттоодо КНС киргизүү сунушун киргизди.