Жаңылыктар
Некролог — Ваныкин Владимир Владимирович
УТРК жаңылыктары
Некролог — Ваныкин Владимир Владимирович

Кыргыз  музыкалык искусствосу оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстанда эң алгачкы профессионалдуу үн режиссер  Ваныкин Владимир Владимирович 77 жаш курагында,  2023-жылы  9-ноябрда кечки саат 20:30да   жол  кырсыгынан каза болду.                                                                                                                                                              Ваныкин Владимир Владимирович  1946-жылы 16-майда  Фрунзе шаарында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы  Владимир Ваныкин  Москвада Гнесиндер атындагы окуу жайды аяктап, Кыргыз филармониясынын  концерттик бригадасында иштеп,  Улуу Ата Мекендик согуш  учурунда Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев, Муса Баетов ж.б. залкарлар менен  концерттик үгүт бригадада элге концерт  тартуулаган. Уулу Владимирди 5 жашынан  татртып, өзү музыкага тарбиялап, 1960-жылы   Петр Шубин атындагы музыкалык окуу жайында  Григорий Михайлович  Бурштиндин  фортепиано  классында ,  Мураталы  Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында  окуган. 1964–1966-жылдары Кастромск областык филармониясында - категориядагы пианист,  советтик, россиялык ырчы Валерий Ободзинский  менен Советтер Союзунун шаарларында гастролдо болгон. Анан  1966-жылы Кыргыз ССРинин  телерадио комитетинин алдында эстрадалык оркестрде пианист казматына алынып, 1969-жылдан  эстрадалык оркестрде пианист болуп 5 жыл иштеген. Кийин Кыргыз ССР Министрлер Советинин чечими менен Симфониялык оркестр Асанкан Жумакматовдун жетекчилигинде түзүлүп,  1971-жылы  үн режиссерлук кызматка которулат.

 Кыргыз музыкалык искусствосуна эмгеги сиңген адис “Алтын казынаны” негиздөөчүлөрдүн бири Александр Юрьевич Кологривов менен бирге иштешип, 1973-жылы Ташкенттеги Бүткүл Союздук радиотелевидениенин филиалында үн режиссерлук курсту аяктайт. Ваныкин Владимир Владимирович  “Алтын казынага” атактуу ырчылар:СССРдин эл артисттери: Болот Миңжылкыев, Кайыргүл  Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Хусеин Мухтаров,  Кыргыз Республикасынын эл артисттери: Салима Бекмуратова, Дарыйка  Жалгасынова, Эркин Касымов, Асек Жумабаев, Эсен  Нурманбетова, Валентина Портнова, Керим Турапов, Саламат  Садыкова; Акындар: Эктебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев,  Нурак Абдрахманов, Элмирбек Иманалиев; Дирижерлор: Асанкан Жумакматов, Калый  Молдобасанов, Насыр Давлесов, Эсенкул Жумабаев, Илья Машкевич, Жумакадыр  Каниметов; Композиторлор: Таштан Эрматов, Сатылган    Осмонов, Алтынбек  Жаныбеков, Муратбек Бегалиев, Жылдыз Малдыбаева, Борис Глухов, Кенказы Асанбаев, Акимжан  Жээнбай, Турдубек  Чокиев, Бакыт Алишеров ж.б. обончу, аткаруучулар, пианисттер музыканттардын, эстрада  ансамблдеринин  тасмаларын жазган. 

1991-жылы башкы үн режиссёр, радиотелевиденинин көркөм кеңешинин мүчөсү,  КР мамлекеттик  Гимнин аналог түрүндө биринчилерден жазган үн режиссер. Чынгыз Айтматовдун демилгеси менен өткөрүлгөн эл аралык форумга карата Муратбе  Бегалиевдин  “Жаратманга таазим” гимнин көп каналдуу аналогун биринчилерден жазган. 1995-жылы КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардак наамынын, 2006-жылы  КР Ардак Грамотасы  менен  сыйлнган. 

 Кыргыз музыкалык искусствосунда атагы таш жарган  ырчы, музыкант, композитор-обончуларды тааныткан үн режиссер, Кыргыз Республикасынын мадданиятына эмгек сиңирген ишмер Ваныкин Владимир Владимировичтин   эмгеги   кыргыз маданиятнда кала берет. 

 КР Улуттук телерадио Корпорациясынын чыгармачыл жамааты маркумдун үй-бүлөсү жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөт.