Жаңылыктар
Догдуркүл Кендирбаева жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Догдуркүл Кендирбаева жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте жолугушту. Алгач журналисттерди маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап, министрлик менен тыгыз кызматташып, тармактын ишмердүүлүгүн элге чагылдырууда жигердүү иштеген маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө атайын сыйлыктарды берип, андан ары бир сааттан ашык эркин баарлашуу өттү. Анда китептердин жетишсиздиги, билим берүү тармагын реформалоо, мугалимдерге шарт түзүү, мектептердеги акча чогултууларды тыюу жана бала бакчалардагы тамак-ашты төлөө көйгөйлөрү тууралуу эркин суроолор берилди. 

Министр баарына ачык жооп берип мындан ары маалыматка ачык мекеме болорун жана ай сайын журналисттер менен жолугуп, чогулган маселелерди талкуулап турганга аракет кыларын билдирди.