Жаңылыктар
Бишкекте элдик курултайга талапкерлерди тандоо аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте элдик курултайга талапкерлерди тандоо аяктады

Бишкекте кезектеги шаардык курултайга катыша турган жарандар аныкталды. Борбор калаанын мэриясы 11-ноябрда билдиргендей, жалпысынан жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана отурумдарынын жыйынтыгы менен шайлоо жолу аркылуу 500 адам тандалды. Шайлоо 16-25-октябрь күндөрү өттү. 

Эми 18-ноябрда өтө турган шаардык курултайда 500 кишинин арасынан 60 делегат тандалып, 18-декабрга пландалып жаткан республикалык элдик курултайга делегат болуп жөнөтүлөт. “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам быйыл 24-июлда кабыл алынган. Биринчи элдик курултай былтыр ноябрда өткөн.